Жаңылыктар
Кыргызстан өзүн эт менен толук камсыздай албайт, бирок этти экспорттойт
Экономика
Кыргызстан өзүн эт менен толук камсыздай албайт, бирок этти экспорттойт

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстан өзүн эт менен толук камсыздай албай турганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты. Ал ошондой эле, эгерде той-ашка союлган малдын эсеби алынса, өзүбүздү эт менен камсыздап калышыбыз ыктымалдыгын белгиледи. 

"Бүгүнкү күнү эт менен өзүбүздү камсыздай албайбыз. Бирок согумду, той-ашка сойгон малды эсепке алсак, камсыздап калышыбыз мүмкүн. Булар эсепке алынбайт, идентификация иштери бүтсө, ушулардын бардыгы эсепке алынат эле", - деди ал. 

Керималиев өз сөзүндө Кыргызстанда эт жетишсиз болгондуктан сырттан тооктун, уйдун этин импорттоого туура келип жатканын айтты. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстан башка мамлекеттерге этти экспорттой турганын белгиледи.