Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 54 миң 783 шайлоо бюллетенин региондорго өткөрүп берди. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди. Бюллетендерди өткөрүп берүү "Учкун" ААКсынын имаратында 7-май күнү өттү.
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу ушул жылдын 19-майына белгиленген. Шайлоого катышуу үчүн 569 талапкер катталган.Бюллетендер Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилген.