Жаңылыктар
Кыргыз улуттук филармониясы капиталдык оңдоодон өтүүдө
Маданият
Кыргыз улуттук филармониясы капиталдык оңдоодон өтүүдө

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы капиталдык оңдоодон өтүүдө. Маданий жайды жакшыртууга 55 миллион сом бөлүнгөн. Жакынкы убакта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратында да оңдоо иштери башталып, заманбап жабдуулар менен камсыз болот. 

Мындан сырткары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган улуттук орус драма театрын реконструкциялоо боюнча долбоор иштелип чыгат. Бул аталган театрлардын абалы менен Президент Сооронбай Жээнбеков таанышып чыккандан кийин белгилүү болду. Жакынкы 3-4 жылдын аралыгында бардык маанилүү маданий жайлар жакшыртылат.