Жаңылыктар
БУУнун Баш катчысы көчмөндөр оюнуна чакырылды
Маданият
БУУнун Баш катчысы көчмөндөр оюнуна чакырылды

 Нью-Йорктогу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Баш катчысы Панги Мунга ишеним Грамотасын тапшырды. 

Молдоисаева Баш катчыга президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында Кыргызстанда укук коргоо, сот жана 2017-жылы боло турган президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. 

Ошондой эле, Кыргызстан менен БУУнун мындан аркы кызматташуусу жемиштүү улана берээрин билдирген президенттин сөзүн айтты. Жолугушуунун соңунда Панги Мунду экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна күбө болуп кетүүгө чакырды.