Жаңылыктар
Президент өкмөт курамын бекитти
Саясат
Президент өкмөт курамын бекитти

 Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өкмөт курамын бекитүү боюнча жарлыкка кол койду. 

Мамлекет башчысынын Жарлыктарына ылайык: 

Сооронбай Жээнбеков - Премьер-министр, 

Мухамметкалый Абулгазиев - биринчи вице-премьер-министр, 

Олег Панкратов - вице-премьер-министр, 

Гульмира Кудайбердиева - вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Акылбек Осмоналиев - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси, 

Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри, 

Мелис Турганбаев - ички иштер министри, 

Жылдыз Мамбеталиева - юстиция министри, 

Адылбек Касымалиев - финансы министри, 

Арзыбек Кожошев - экономика министри, 

Турдуназир Бекбоев -айыл чарба жана мелиорация министри, 

Замирбек Айдаров - унаа жана байланыш министри, 

Кубатбек Боронов - өзгөчө кырдаалдар министри, 

Эльвира Сариева - билим берүү жана илим министри, 

Талантбек Батыралиев - саламаттык сактоо министри, 

Алтынбек Максутов - маалымат жана туризм министри, 

Кудайберген Базарбаев - социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды.

 Президент Алмазбек Атамбаевдин кол койгон башка бир жарлыгына ылайык, Абдил Сегизбаев - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына дайындалды. Ошондой эле Марат Кенжисариев коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп бекиди.