Жаңылыктар
Москвадагы "Өлбөс полкко" кыргызстандыктар да катышышты
Мекендештер
Москвадагы "Өлбөс полкко" кыргызстандыктар да катышышты

Жеңиштин 74 жылдыгына карата Москва шаарында өткөн аскердик парадка 13 000ден ашык аскер кызматкери, 132 даана аскердик техника катышты. 

Параддан соң "Өлбөс полк" жүрүшү болду. Жүз миңдеген катышуучу Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын сүрөтүн көтөрүп алып Москванын көчөлөрүн аралып өттү.

Атайын багытталган техникалардын жүрүшүн легендарлуу Т-34 танкы баштап берди. Аны улай  "Арбалет" модулдуу "Тигр" унаасы, аны коштой эле танктык чабуулдарга каршы колдонулган ракеталык "Корнет" комплекси, мындан сырткары сооттолгон "Тайфун" автоунаасы өттү.

Трибунада Россиянын президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев жана конок катары Казахстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев да отурду.

Бүгүнкү Жеңиш күнүнүн негизги бөлүгүн, миллиондогон адамдын башын бириктирген "Өлбөс полк" журүшү түздү. Кан майданда канын аябай, фронтто Мекен деп жан үрөгөн согуш катышуучуларынын сүрөтүн көтөргөн жарандар, Москванын көчөлөрүн кыдыра жүрүшкө чыкты. 

Кыргызстандан кесиптешибиз Мирбек Молдакунов тайатасы Чыргоотай Масылкановдун сүрөтүн алып барып, катышты.


Чыргоотой ата 32 жашка жетип, баатырларча курман болуп,  аз өмүрүндө көп ишти жасаганга үлгүргөн. Ал ысык-Көл облусунун Тоң районунда совхоздун төрагасы болгон. Согуш башталганда алгычкылардан болуп майданга аттанган. Акыркы катын 1943-жылы Смоленскке келдик деп жазган экен. Ошол бойдон кат да келбей, кара кагаз да келбей дайынсыз болот. Былтыр атайын иликтөөлөрдүн жардамы менен ал тууралуу маалымат алынган. Келген документтерде жазылгандай, ал курал-жарак бөлүгүнө командир болуп дайындалыптыр. Далилдөөчү документте белгиленгендей, 1943-жылы согушта каза болуп, сөөгү үй бүлөсүнө акыркы катын жазган Смоленскте коюлган экен.

"Өлбөс полк" жүрүшүнө миллиондогон жаран катышты. Алыстан дарыядай эле агылган жүрүш Ленинград проспектисинен башталып, Кызыл аянтка чейин уланды.  

Бул биздин тарыхый улуу агым. Агылган бул жүрүшкө биздин мекендештер да катышты.