Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунай базасынан өрт чыкты
Кырсык
Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунай базасынан өрт чыкты

Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасынан өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт саат 10.00дөр чамасында чыккан. 

Тилсиз жоо менен кармашууга төрт өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен. Жеринде милиция кызматкерлери жана Тез жардам кызматы иш алып барууда.