Жаңылыктар
Жусубалиевдин иши сотто каралууда
Коррупция
Жусубалиевдин иши сотто каралууда

Бишкектин Биринчи май райондук соту транспорт министринин пара менен кармалган мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону 20-майда улантат. Маалыматтарга караганда, алгач 4-апрелге белгиленген соттук процесс ар кандай себептерден улам жылып отуруп, 29-апрелде үч кишинин - Азимкан Жусубалиевдин, Бехруз Гулрузованын жана Болотбек Токтобаевдин айыбы угузулган. 

2-майдагы соттук териштирүү күбөлөр келбей калганына байланыштуу 20-майга жылды. Аткаминердин пара алганы боюнча тергөө марттын аягында аяктап, прокуратурага өткөрүлгөн. Эске салсак, 2018-жылдын 5-декабрында министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы кабарланган. 

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагында жол куруу боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.