Жаңылыктар
Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезон жылдагыдан эрте ачылат
Туризм
Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезон жылдагыдан эрте ачылат

Ысык-Көлдө 18-майда жайкы туристтик сезон расмий ачылат. Анын алкагында Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition – 2019 аттуу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, 18-19-май күндөрү өтө турган маданий иш-чара Туризм департаменти жана Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Көргөзмө-жарманкеде жакынкы жана алыскы мамлекеттердин туристтик агенттиктери, пансионаттары, өздөрүнүн кызматтарын сунуштайт. Андан сырткары, туризм тармагындагы инвесторлор, ишкерлер дагы катышат. Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында тегерек столдор өтүп, ал жакта туристтик агенттиктердик өкүлдөрү, инвесторлор, эксперттер кызматташуу маселелерин талкуулашмакчы.