Жаңылыктар
Кыргыз сомуна 26 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз сомуна 26 жыл толду

Быйыл кыргыз сомуна 26 жыл толду. Бул убакыттын аралыгында кыргыз сому өзүнүн туруктуулугун далилдеп, күндөн-күнгө коргоочу элементтери жакшырууда. 

Белгилей кетсек, 1993-жылы 10-майда, улуттук валютабыз сом жүгүртүүгө чыгарылган. Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. Сом азыркы учурда КМШ аймагындагы туруктуу валюталардын бири болуп саналат.