Жаңылыктар
Бириккен Араб мамлекеттери Кыргызстанда экотуризмди жандандырууга кызыкдар
Туризм
Бириккен Араб мамлекеттери Кыргызстанда экотуризмди жандандырууга кызыкдар

Бириккен Араб мамлекеттери Кыргызстанда экотуризмди жандандырууга кызыкдар. Анын алкагында, дүйнөлүк стандарттарга ылайык келген мейманкаларды куруу талабы турат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстан-Бириккен араб эмираттары” аталышындагы бизнес форумда бул өлкөнүн энергетика министри Сухаил Мухаммад Аль-Мазруи билдирди.

Эмираттардан келген делегациянын курамында ондон ашык ишкер бар. Жыйынга экономика министри Арзыбек Кожошев баш болгон Кыргызстандын да ишкер чөйрөсү катышууда. Тараптар негизинен айыл-чарба, өнөр-жай, энергетика тармагы боюнча кызматташууну көздөп жатат. Тагыраагы, Араб өлкөлөрү аталган тармактарга инвестиция салаары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, эки тараптуу алака президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын декабрь айында Араб эмираттарына жасаган расмий сапарында кайрадан жанданган. Бүгүнкү жыйын соңунда соода-алка боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюулат