Жаңылыктар
Кыргызстанга Польшадан алгачкы туристтер келди
Туризм
Кыргызстанга Польшадан алгачкы туристтер келди

Күндүн жылышы менен жайкы эс алуунун тушоосун кескени келген Европалык туристтерди, Кыргызстан шаан-шөкөт менен кучак жайып тосуп алды. Польшалык жарандар босогону аттаары менен кыргыз элинин каада-салтына жана маданиятына күбө болушту. Бул аракеттин башкы максаты - дүйнө элине жаратылышы кооз кыргыз жергесинде меймандос эл жашай тургандыгын даңазалоо.

Келген конокторго жакшы таасир калтыруу максатында атайын даярдык көрүлгөн. Жайылган дасторконго улуттук тамак-аш толуп, өнөр адамдары аспаптарын күүлөп, бийчилер даяр турду.

Аэропортко кирген поляктар алгач кумган кармаган жигитке кабылды. Алар колго суу куйчу салтты түшүнбөй, министр барып жол-жобосун көрсөттү.

Даам сызган туристтер орун алып, көчмөн элдин маданиятына күбө болушту. Камбаркан күүсү жаңырып, бийчилер өнөрүн тартуулашты. Акырында чет элдиктер кара жорго бийине түшүп, алар менен кошо маданият министри чогуу бийледи.

Бул аракеттин баары туристтерди кызыктырууга арналган. Болуп өткөн иш-чара видеого тартылып, ролик даярдалып, жарнама болуп жайылтылат.

Күтүүсүз окуяга кабылган Польша тургундары таң калып, кубанганын жашырган жок.

Быйылкы жылдын эсебинен келген алгачкы эс алуучуларга электрондук маалымат картасы берилди. Ал аркылуу турист кандай кооз жер, музей, эс алуу жай, мейманкана, кафе-ресторан жана башка керектүү маалыматтарды ала алат. Бул санариптештирүү жылынын алкагында жасалган иш.

2018-жылы туризмден түшкөн киреше ичи дүң продукциянын 5 пайызын түзгөн. Чек арадан 7 миллион чет элдик өлкөгө кирип, алардын 1 млн 400 миңден ашыгы турист катары катталган. Тушоо кескен эс алуучуларга белек берилип, алар өлкөнүн кооз жерлерине саякаттоого сапар тартышты.