Жаңылыктар
Жалал-Абадда ири өрттүн кесепетинен эки киши жабыркады
Кырсык
Жалал-Абадда ири өрттүн кесепетинен эки киши жабыркады

Жалал-Абадда ири өрт чыкты. Шаардан алыс эмес жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү базанын 2 цистернасын жалын чалган. Анын кесепетинен 2 жаран жаракат алып ооруканага түштү. Абалды жөнгө салуу үчүн жеринде өрт өчүргөн 10 унаа иш алып барууда. Эртең мененки саат ондор чамасында башталган өрт азыр дагы өчө элек.

Жалал-Абаддагы мунайды иштетүүчү базадан чыккан өрттүн кесепетинен эки киши жабыркады. Анын бири өрт өчүрүүчү, экинчиси базанын жумушчусу. Алар дароо облустук клиникалык ооруканага жеткирилген. Колуна документтерин гана алып, үйүн таштап коопсуз жайга качкандардын бири Нурбүбү айым бүгүн үйүнө жакын жолой албай алыста жүрдү. Асманга далайга көтөрүлгөн кара түтүн нефтебазада чыккан өрттүн коркунучу бир топ эле жогору экенин көрсөттү. Мунайды кайра иштетүүчү “Томас и Ко” ишканасынын базасындагы өрт күндүзгү саат ондор чамасында башталган.

Кырсык чыккан нефтебаза шаарга жакын Живпром тилкесинде жайгашкандыктан, эң алгач жакын жашаган тургундардын коопсуздугу көзөмөлгө алынган. Мындан улам 2000ге чукул адам үйлөрүнөн эвакуацияланып, коопсуз жайга чыгарылган.

Тилсиз жоого каршы иш алып барууда, Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын күч каражаттарынан тышкары, Ош облустук башкармалыктан дагы кошумча өрт өчүргүч күчтөр тартылды. Жеринде 11 өрт өчүрүү техникасы, 2 автошаты иш жүргүзүүдө. Ошондой эле, шаардык суу канал башкармалыгынын 3 суу ташуучу унаасы, аэропорттун өрткө каршы 2 унаасы, тез жардам кызматы, райондук электр тармагы кызматы, тартип сакчылар, ыкчам топ жана Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасынын өрт өчүрүүчү унаасы, бардыгы колдон келген кошумча жардамын көрсөтүшүүдө. Азырынча өрттүн эмнеден келип чыккан себеби белгисиз.

Абалды жөнгө салуудагы аракеттерин, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аркылуу онлайн режимде башкарып, көзөмөлгө алууда. Өрт чыккан базада 20га чукул цистерна бар. Болжол менен ар бирине 200 тоннадан 3000 тоннага чейин мунай заты батат.