Жаңылыктар
Чаткал районунда мектептер толугу менен интернетке туташтырылууда
Билим
Чаткал районунда мектептер толугу менен интернетке туташтырылууда

Жыл аягына чейин Чаткал районундагы мектептердин бардыгы интернетке туташтырылып бүтөт. Бүгүнкү күндө 2 мектеп интернетке уланды, дагы 3 мектеп кошулуу алдында турат. Район боюнча жалпы 19 мектеп бар. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынычовдун айтымында, мектептерди интернетке кошуу менен катар эле видеокамера орнотуу иштери башталат. Быйыл 5 мектеп көзөмөлдөөчү камера менен камсыз болот. Буга чейин 8 мектеп камера менен камсыз болуп бүткөн.

“Интернет биздин мектеп чейин келип калган. Эми уланат. Иштеп калса жакшы болот. Мугалимге да, окуучуларга да керектүү нерсе экен. Билим сапатын жакшыртууга салым боло алат. Практикалык учурда пайдасы чоң. Бизде интернет жок. Мугалимдер сабагына керектүүнү телефондон издешет. Интернет келип калса копьютерден колдонуп калышмак”,- дейт Чаткал районундагы С.Байдөөлөтов атындагы мектептин директору Шадыкан Айымбетова. 
 

“Биздин райондогу мектептер былтыр эле интернетке уланып бүтүш керек болчу. Тилекке каршы, Билим берүү министрлиги Тогуз-Торо менен биздин районду быйылкы жылга калтырган. Быйыл эми Телеком ишканасы улай турган болду. Тендер бүткөн”,- деп билдирди Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынычов.