Жаңылыктар
Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун марафон мелдеши өтөт
Спорт
Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун марафон мелдеши өтөт

Бүгүн, 11-майда Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун марафон мелдеши өтөт. Спорттук иш-чара 22-олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналат. Мелдеш Чолпон-Ата шаарында эртең мененки саат тогузда башталат. Ага катышуу үчүн 7-майга чейин 3 миңден ашуун адам катталган. Арасында кыргызстандыктардан сырткары Казакстан, Азербайжан, Германия, Кытай, Тажикстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Корея, Япония, АКШ, Австралия, Австрия, Канада, Франция, Индия, Израиль, Италия, Пакистан, Испания, Түркия, Голландия, Улуубритания, Монголия жана Белоруссия өлкөсүнүн жарандары бар. 

Мелдештер марафон, жарым марафон жана скандинавиялык жөө басуу боюнча өткөрүлөт. Иш-чараны Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңеши, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, ошондой эле өлкөнүн жеңил атлетика боюнча федерациясы биргеликте уюштуруп жатат.

Мелдештин жалпы байге фонду 1 млн 918 миң сом. Марафон жарышында 1-орунду алган жөө күлүк 210 миң сом менен сыйланат. Экинчи орунга 175 миң, үчүнчү орунга 140 миң сом каралган. Төртүнчү орунга 105 миң, бешинчиге 70 миң, ал эми алтынча орун үчүн 35 миң сом берилет.
Жарым марафон мелдеши үчүн 1-орунга 70 миң сом, экинчиге 56 миң, үчүнчү орун үчүн 35 миң сом акчалай байге каралды. Төртүнчү орунга 28 миң, 5-орунга 21 миң, алтынчы орунга 14 миң сом берилет.

Марафон учурунда мелдештин катышуучуларынын коопсуздугу камсыздалат. Жарышуу боло турган аймакта эртең мененки саат сегизден тартып жол жабык болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

“Марафондун катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Булан сөгөттү айлынан Корумдуга чейни жол жабылат. Андыктан жүргүнчүлөрдү Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан өтүүнү сунуштайбыз",- деп билдирди Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматтын өкүлү Тилек Оторов.