Жаңылыктар
Орозонун ден соолукка пайдасы жана таасири
Дин
Орозонун ден соолукка пайдасы жана таасири

31 жылдан бери бирге түтүн булатып үлгүлүү үй-бүлөөлөрдүн катарын толуктаган Алмаз Сыдыгалиев менен Зайна Сыдыгалиева да оозун ар күнү курма менен ачууну адатка айландырышкан.
Бактылуу бул үй-бүлөнүн орозо кармаганына быйыл 14 жылдын жүзү болду. Күн узун, аптаптуу аба-ырайында орозо кармап көнүп калышкандыктан бул жолкусунда кыйналбай жеңил кармап жаткандыктарын айтып кубанышууда. Орозо кармоонун адамга пайдасы гана тийбесе зыяны жок. Жашоого да, ден соолукка да зор пайдасы бар экенине ынандык дешет.

Орозонун тартибин бузбай, эрежеси менен так, туура кармоого аракет кылышууда. Уктап калып саарлыкты өткөрүп жибербейли деп эртерээк жатып, өз убагында туруп ооз бекитишет. Күнү бою чаалыкпай жүрүш үчүн витаминге бай азыктар менен тамактанууну эп көрүшөт. Кызы Айкөл да ата-энесинин жолун жолдоп бой жеткенде орозо кармайм деп ниеттенүүдө.

Ошондой эле, оозду суу менен ачуу да организмге пайдалуу экендигин дарыгерлер маалымдап келишет. Анткени тамак ичерден мурун суу ичүү ашказанды тамакка даярдап, сиңимдүүлүгүн жогорулатат жана ар түрдүү ооруну алдын алчу иммунитетти калыптандырат.

Курмада адамдын организмине пайдалуу заттар өтө эле көп болгондуктан, орозо убагында оозду курма менен ачуу керектиги айтылат. Эгер курма болбой калса анда кадимки эле таза суу менен ачуу зарыл, себеби cуу баарын тазалоочу деп айтылат пайгамбарыбыз хадисинде. Ал өзү курманы жакшы көргөндүктөн, оозун курма менен ачып курма жок үй, тамагы жок үйгө окшош деп айтканы бар.

Кыргызстандын азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев да - орозо кармаган адам болжол менен 16 сааттай ачка жүргөндүктөн саарлыкка жана ооз бекитүүдөгү тамактарга өзгөчө көңүл бурушу керектигин айтты.

Орозо кармоо ар бир дени сак, акыл-эстүү адамга парз. Каалагандар жыл бою деле Орозо кармай берсе болот. Эң башкысы Орозо кармоо менен Орозо айынын айырмачылыгын так билген жакшы. Орозо кармаганда тамактан чектелүү гана жетишсиз. Сөзсүз түрдө көзүбүздү да, оозубузду да жаман нерселерден тыйып, ниетибизди жүрөгүбүздү агартып тазартышыбыз керек. Анан, албетте капачылыктарды, таарынычтарды унутуп, кечиримдүү болууга аракет жасашыбыз эң маанилүү.