Жаңылыктар
“Калейдоскоп” куурчак театры 10 жылдык мааракесин белгиледи
Маданият
“Калейдоскоп” куурчак театры 10 жылдык мааракесин белгиледи

Бишкек шаарындагы “Калейдоскоп” куурчак театрына 10 жыл толду. Бул аралыкта көптөгөн жомоктун каармандары жаралып, көрүүчүлөрүнүн арзуусуна татыды. Балдар үчүн ойноо, алардын маанайын, көңүлүн көтөрүүдөн өткөн бакыт жок. 

Алар биздин эң сүйүктүү жана чыныгы көрүүчүлөрүбүз дешет актёрлор. Театрдын 10 жылдык мааракесинде кызыктуу жомокторду ойногон каармандарга жана жамааттын татыктуу кызматкерлерине сыйлыктар, ардак грамоталар тапшырылды.