Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү марафондун алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды
Спорт
Ысык-Көлдөгү марафондун алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды

Ысык-Көлдө 8-эл аралык "Run the Silk road" марафону өтүүдө. Мына ушул марафондо 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркоодо кыз-келиндер арасынан Дарья Маслова, эркектерден Адилет Кыштакбеков биринчи келишти. 

Белгилей кетсек, жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашты. Иш-чараны Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңеши, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, ошондой эле өлкөнүн жеңил атлетика боюнча федерациясы биргеликте уюштуруп жатат.