Жаңылыктар
Виктор Бутанаевдин 70 жылдыгы
Билим
Виктор Бутанаевдин 70 жылдыгы

Ишенаалы Арабаев атындагы университетте “Энесайлык данакер этнограф” аттуу эл аралык илимий-практикалык жыйын өттү. Ал хакас элинин көрүнүктүү илимпозу, этнограф, тарых илимдеринин доктору Виктор Бутанаевдин 70 жылдыгына арналды. 

Жыйынга тарыхчылар, этнографтар, жазуучулар жана коомдук ишмерлер катышты. Андан сырткары чет өлкөлүк белгилүү кыргыз таануучу, түрколог, археолог жана башка окумуштуулар да келген. Иш-чарада Бутанаевдин кыргыз таанууну өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу баяндамалар окулуп, жана анын өмүр жолу боюнча кыскача тасма көрсөтүлдү.