Май айында гүлдөр ачылып, малина өңдүү мөмөсүн чачкан өсүмдүктөр гүлдөгөнүнө байланыштуу аарылар дарылык касиети бар балды чогултат. Аарынын бир үй-бүлөсүнөн эле 5 килограммга чейин бал алса болот. Балды иштетип, негизинен сыртка экспортко чыгарган бул ири ишкана он беш жылдан бери аары багып, бал алат. Азыр мында 600дөн ашык аары үй-бүлөлөрү бар. Экспорттун көлөмү жылдан-жылга арбыгандан улам башка да аары баккандардан бал сатып алышат.
Бал челектер бул баштапкы баскычы. Толук даяр азыкты алгыча бал бир топ тепкичтен өткөрүлөт. Биринчи чогултулган бал мына ушул өнөр жай цехине келип түшөт. Ошондо да балга анализ жасалат. Күмөндүү дары-дармектер колдонгону ачыкка чыкса же дагы башка балдын сапатына таасир берген терс көрсөткүчтөр аныкталса бал колдонулбайт. Адегенде бал суюлтулат же эритилет. Бул процесс ысык жайда ишке ашат. Ошондо да температураны бир калыпта сактоо зарыл. Андан кийин чыпкаланып, түрүнө жараша аралаштырылат. Даяр болгондон кийин чоң челектерге түшкөн бал идиштерге куюга даяр болот. Күнүнө беш тонна бал иштетилет.
Өндүрүлгөн азыктын 90% сыртка экспортко чыгарылат. Тышка айына 20-30 тонна бал сатылат. Калганы ички рынокко сатылат. Чындыгында эле кыргыз балы дүйнөлүк брендге айланды. Экологиялык таза азыкка жыл өткөн сайын суроо-талап жогорулап жатканы кубандырат.
Чүйдө бал иштеткен бул ишкана өкмөт тарабынан уюштурулуп, жыл сайын өтүүчү «Мыкты экспорттоочу - 2018» сынагынын сыйлыгына татыды. Атамекендик экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан бул ишкана менен бирге 25 компаниянын өкүлдөрү «Мыкты экспорттоочу - 2018» сынагынын сыйлыгын Өкмөт башчынын колунан алышты. Акыркы жылдары экспорттун эбин тапкан ишкерлер арбып жатат. Премьер-министр атамекендик экспорттоочулар жогорку сапаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү менен Кыргызстандын атагын чыгарып жатышат-деди.
Премьер-министр экспортко багытталган ишканаларды жеңилдетилген шарттарда 1 млрд сом суммасында насыялоо боюнча Өкмөттүн токтому бекитилгенин жана бул кадам өз кезегинде аймактарда кайра иштетүү ишканаларынын ачылышына жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө жол ачат.
Аймактарды өнүктүрүү жылынын концепциясында да экспортко ыктаган кайра иштетүү ишканаларын колдоо башкы максаттардан. Элетте жаңы ишканалар ачылса кошумча жумуш орундары түзүлүп, миграция агымы токтойт. Аймактарды айыл чарба азыктарын сыртка эксопрттоп жаткан ишкерлерди колдоо маселеси ПРезидент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкытын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алганда талкуулады. Өлкө башчысынын сунуш менен элеттеги экспортчуларды колдоо максатында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жана банктар каржылоону көбөйтүп жатат. Улуттук банк Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана «Кепилдик фонд» уюму менен бирге Баткен, Талас жана Нарын облустарында старт-ап долбоорлорду каржылоо программасын иштеп чыкты.