Жаңылыктар
Ысык-Көлдө өткөн "Run the Silk road" марафону максатына жетти
Спорт
Ысык-Көлдө өткөн "Run the Silk road" марафону максатына жетти

Ысык-Көл жээгинде өткөн бул жолку марафон Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталды. Анткени, учурда Кыргызстан ушул уюмга төрагалык кылууда. Бул жолку иш-чаранын негизги артыкчылыгы - аталган уюмдун эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошууда. Чет элден келген спортчулардын айтымында, Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги марафонду өткөрүү менен алдыга койгон максатына жетти. Анткени, иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн спортчулары гана эмес, уюмга тиешеси жок бир катар мамлекеттердин спортчулары да катышты. Бул - иш-чаранын масштабдуу жана жогорку деңгээлде өткөнүнөн кабар берет, - дешет байкоочулар.

Эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн марафондун картасы, тагыраак айтканда, Чолпон-Атадан Корумду айылына чейинки аралык - эл аралык техникалык стандартка жооп берет. Анан да эл аралык талапка жооп бере турган марафондун трассасы ушундай татаал жана табият кооздугу менен ширелишип турушу керек, - дешет адистер. Белгилей кетсек, быйылкы жылдагы марафондун байге фонду эки миллион сомго жакын болду.