Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын 3 жаш балбаны эл аралык мелдеште 3-орунду жеңип, коло медаль тагынды.
Маалым болгондой, 5-6-майда Токмок шаарында эркин күрөш боюнча «Сайлык» аталыштагы эл аралык турнир өтүп, ага 700 балбан катышкан. Бексултан Кубанычбеков 27 килограмм салмактагылар арасында 3-орунду ээлеп, коло тагынды. Ал машыктыруучу Чыңгыз Жамаловдун колунда тарбияланууда.
Ал эми 4-5-майда спорттун ушул эле түрү боюнча «Жетиген» аталыштагы эл аралык турнир өтүп, анда 55 килограмм салмактагылар арасында Муратбек уулу Нурканбай жана 32 килограмм салмактагылар арасында Давид Эсенкулов 3-орунду ээлеп, коло медаль менен кайтышты.
Бул мелдештерге Ак-Талаа районунан жалпы 20га чукул балбан катышып, күч сынашкан.