Жаңылыктар
Баткенде эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш өттү
Спорт
Баткенде эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш өттү

Баткен шаарында эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, турнирге Өзбекстандан, Тажикстандан мушкерлер келишти. Жыйынтыгында чемпиондук курду баткендик 27 жаштагы спортчу Эрманас Султанмурат уулу багындырды. Бул анын профессионалдык таймаштагы экинчи жеңиши болду.