Жаңылыктар
Кыргызстандыктардын Түркияда акысыз дарылануусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү
Ден соолук
Кыргызстандыктардын Түркияда акысыз дарылануусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү

Жылына 150 кыргызстандык Түркиядагы ооруканалардан акысыз дарыланышына мүмкүнчүлүк түзүлдү. Муну шарттаган келишимге Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы кол койду. 

Келишимге ылайык, Түркиядан акысыз дарылануунун квотасы көбөйдү. Тагыраак айтканда, мурда 100 бейтап болсо, азыр 150 киши акысыз дарылана алат жана кыргызстандык бейтап жана аны коштоп барган эки кишинин жаткан жери бекер болот. Бирок, бул үчүн Түркиянын тийиштүү медициналык жайы жана Саламаттык сактоо министрлиги бейтап 90 күндөн ашык дарыланарын тастыкташы керек.