Жаңылыктар
КТРКнын "Алтын казына" борборундагы маданий мурастар санариптештирилүүдө
УТРК жаңылыктары
КТРКнын "Алтын казына" борборундагы маданий мурастар санариптештирилүүдө

КТРКнын 59 жыл мурда уюшулуп түзүлгөн "Алтын казына" борборунда учурда маданий мурастарды санариптештирүү иштери жүрүүдө. Азыркы тапта ал жердеги 12 миң сааттын 8 миң 500ү санарипке өткөрүлдү. 

Көркөм маданий мурастарды сактап, жайылтып, адамдардын рухий дүйнөсүн байытууга эбегейсиз салымын кошкон олуттуу борбор 1960-жылдары түптөлгөн. Бул жерде элибиздин баа жеткис мурасы болгон залкар манасчылардын, акындардын, талантуу ырчы-чоорчулардын, белгилүү дикторлордун үндөрү, алардын окуусундагы чыгармалар жана аудиоматериалдар сакталган. 2011-жылы "Алтын казына борбору" болуп ачылып, учурда жооптуу ишин улантууда.