Жаңылыктар
Инфографика: КТРКнын 2015-жылдык отчёту
УТРК жаңылыктары
Инфографика: КТРКнын 2015-жылдык отчёту

КТРКнын 2015-жылдык отчёту. Бир жыл ичинде аткарылган иш чаралар төмөндөкүдөй:

- КТРКнын негизги имаратынын кире бериши, босогусу толук кайра куруудан өттү. Эскирген, желим тосуулар алынып, ачык терезелүү тосмолор менен алмаштырылып, жылууланды.
 - Эмгек режимин жакшыртуу, көзөмөлдү так жүргүзүү багытында КТРК кызматкерлери идентификациялоо ЧИП системасы менен камсыздандырылып, имараттын кирүү жана чыгуу жайларына ЧИП таануу жана видео байкоо жабдыктары орнотулду.
 - 66 кызматкер кызматтан бошотулду. Алардын 63чү өз ыктыяры менен кетсе, 3 кызматкер Эмгек кодексинин тиешелүү беренесине ылайык буйрук менен бошотулду. Бир адам сотко кайрылып, азыр соттошуу иштери жүрүп жатат.
 - 100дөн  ашык контракттык негизде иштеп аткан кызматкерлердин жарымынан ашыгы менен контракттык келишимдери токтолуп, оптимизациялык иштер жүргүзүлдү.
 - 60тан ашык 0,5 штатта отурган кызматкерлердин 45 адамына жарым  штаттары толукталып берилди.
 - КТРКнын негизги Концерттик студиясы толук кайра куруу жана жакшыртуу иштеринен өткөрүлүп,  заманбап, HD форматтагы жабдыктар орнотулуп, техника менен камсыздандырылды.
 - 77 кызматкер чет өлкөдө  кызматтык билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмаштыруу иш чараларына катышып келишти.
 - Кызматкерлер 10 жаңы унаа менен камсыз болду.
 - 24 саат бою эфирге чыккан “Спорт” каналы толук кандуу заманбап студия менен камсыздалып ишке киргизилди.
 - Футбол боюнча Германия, Испания чемпиондук оюндар лицензиялары алынды. Башка спорттун түрлөрү боюнча бир канча лицензиялар келишимдик негизде алынды.
 - КТРК кызматкерлеринин жарымынан көбү Ысык-Көлдө эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Команда куруу, ынтымактуу ширетүү багытында жалпы жамааттык иш чаралар өткөрүлдү.
 - 18 телепрограмма сапаты начар деп таанылып эфирден алынды.
 - КТРКнын негизги администрациялык имаратынын 3-кабаты толугу менен кайра куруудан өтүп, ачык аянт принциби менен курулуп, заманбап жабдыктар менен камсыздалды. Кеңселер жылууланды.
 2015-жылы ар кандай башкаруу багытындагы чечимдердин негизинде жарнамалык жана кирешелик агымдар 2014-жылга салыштырмалуу 81%га өсүш болду.
 - Көп жылдан бери жабылбай, көбөйүп келген КТРКнын УЕФА алдындагы 83 000 АКШ долларын түзгөн карызы толугу менен жабылган. Мындан тышкары КТРКнын бардык ички жана тышкы карыздары жабылып, азыркы учурда КТРКнын эч кандай карызы жок.
 - КТРКнын бардык ТВ каналдары 90% санариптик жабдыктар менен камсыз болду.
 - КТРКнын Спорт жана Маданият-Тарых-Тил каналдары аппараттык жабдыктар менен камсыз болуп, негизги каналдан көз карандысыз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
 - Маданият-Тарых-Тил каналы ачылды.
 - КТРКнын интернет сайты толук жаңыланып, ар бир ТВ канал жана радиолор өзүнүн баракчасына ээ болуп, мобилдик тиркемелер ишке киргизилди.
 - Бишкек шаарынын мэриясынан көп кабаттуу уй куруу үчүн 0,13 га жер тилкеси алынды.
 - Жалал-Абад шаарындагы мурунку Жалал-Абад облустук ТВ компаниясынын имараты КТРКнын балансына өткөрүлдү. Жалал-Абад мэриясынан көп кабаттуу уй салуу максатында 0,08 га жер тилкеси алынды.
 - Шайлоодогу үгүт иштеринин негизинде түшкөн 60 000 000 сомдун жарым акчасы нормативдик актылардын негизинде Өкмөткө берилиши керек эле. Бирок Өкмөт менен тыгыз иштешүүнүн жана суйлошүүлөрдүн жыйынтыгында КТРК тапкан 60 000 000 сомдон акчанын жарымы КТРКда калтырылды.

Толугу менен КТРК сайтындагы жылдык отчет менен таанышууга болот.

Тиркемеде КТРКнын жылдык иши боюнча кыскача инфографика.