Жаңылыктар
Балбан Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде алтын байгеге ээ болду
Спорт
Балбан Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде алтын байгеге ээ болду

Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Украинада өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде алтын байгеге ээ болду. Киев шаарында белгилүү украиналык спортчулардын жана машыктыруучулардын элесине арналган эл аралык турнир өтүп, ага өлкө атынан жалгыз Жолчубеков катышып, 60 килограмм салмакта биринчи орунду камсыздаган. 

Ал квалификациялык, чейрек жана жарым финалда украиналык, грузиялык, азербайжандык спортчуларды уткан. Ал эми чечүүчү кармашта дагы бир азербайжандык балбан Сакит Гулиевди 7:0 эсеби менен жер каратып, чемпион болду. 

Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш медалынын ээси. Ошондой эле, бир канча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталган.