Жаңылыктар
Алматы - Бишкек жолунда эки жеңил унаа кагышып, 9 киши набыт болду
Кырсык
Алматы - Бишкек жолунда эки жеңил унаа кагышып, 9 киши набыт болду

Алматы — Бишкек кан жолунда эки жеңил унаа кагышып, анын кесепетинен тогуз киши набыт болду. Бул тууралуу Алматы облусунун полиция департаменти билдирди. 

Ага ылайык, жол кырсыгы 12-майда болуп, "Lada" менен "Toyota Camry" унаалары кагышкан. Каза болгондордун арасында үч аял бар. Көз жумгандар Алматы, Шымкент шаарларынын жана Түркестан менен Алматы облусунун тургундары болгон. Алдын ала маалымат боюнча "Lada" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, "Toyota Camry" менен кагышкан. Экспертизалар дайындалып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Окуянын чоо-жайын иликтөө полициянын өзгөчө көзөмөлүнө алынды.