Жаңылыктар
Москвадагы кыргыз даамы, маданияты даңазаланган кичинекей Кыргызстан
Маданият
Москвадагы кыргыз даамы, маданияты даңазаланган кичинекей Кыргызстан

Кыргыз ашканасы кардарлардын жана сынчылардын өзгөчө баасына кантип татыды? Сөз Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигине караштуу ашкана-кафе тууралуу болуп жатат. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алдында, белгилүү британиялык The Gardian журналы атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен бул кафе, эң даамдуу жана арзан тамактары менен өзгөчөлөнгөн алдыңкы 10 ашкананын катарына кирген. 

Сыртынан анчейин байкала бербеген имарат. Бирок көпчүлүк москвалыктар бул жерде жайгашкан тамактануучу жайды жакшы билишет. Ичине кирген адамды өзгөчө колориттеги кооздугу да өзүнө тартып тургандай.

Чакан залга киргенибизде, ата мекендик өндүрүштөн чыккан продукциясы тизилген айнек үкөктү байкадык. Ал эми кире бериштеги текчеде тизилген китептер-кыргыздын улуу жазуучусу Ч. Айтматовдон тартып, белгилүү калемгерлердин эмгектери коюлган. Каалагандар китеп окуса да болот. Бул жердин кардарларына бир эле кыргыз улуттук даам эмес, улуттук мурас болгон-маданият, салт-санаа, үрп-адат тууралуу да кеңири маалымат берилет. Жергиликтүүлөр, шаар коноктору, бул жерден Кыргызстан жөнүндө маалымат алышып, жеринен таанышуу үчүн эс алууга сөзсүз барышаарын айтышат.

Бишкектеги 18-лицейдин бүтүрүүчүсү, башкы ашпозчу Арген 19 жашта болсо да, келечегине максаттарын так коюп, жан дүйнөсү идеяга өтө бай экенин байкадык. Россияда кыргыз улуттук тамак аш даярдаган ресторан ачып, капитал топтоп, Кыргызстандын туриндустриясына салымымды кошсом деп кыялданат.

Бул жердин өзгөчө даамы тууралуу кардарлар пикирлерин билдиришти. Алардын арасында мурда Кыргызстанда жашап, иштеп кеткен кесиптештерибиз да бар экен.

Бул жай диаспоралардын да иш чара өткөрүүчү жерине айланган. Өз жериңде күнүмдүк турмушка айланган нерсе, Мекенден алыстаганда көзгө жылуу учурап турат эмеспи.