Жаңылыктар
Новопавловкадагы №1 лицейге директордун милдетин аткаруучу дайындалды
Билим
Новопавловкадагы №1 лицейге директордун милдетин аткаруучу дайындалды

Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейге директордун милдетин аткаруучу болуп Элнура Музаева дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Музаева буга чейин Бишкек шаарындагы №78 мектепти жетектеген. Ушул тапта укук коргоо органдары аталган лицейди колдоо максатында түзүлгөн коомдук бирикмени текшерип жатат. 

Иликтөө учурунда директор Диляра Абдуллаева кызматтан четтетилген. Новопавловкадагы чуулуу лицейге жылына бюджеттен 48,8 миллион сом бөлүнөт. Министрликтен билдиришкендей, комиссиянын текшерүүсүнүн алдын ала жыйынтыгына караганда, мектеп жетекчилигинин ишмердүүлүгүндө бир топ кемчиликтер табылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрөт. 

Эскерте кетсек, Коомдук биринчи каналдын "Элдик репортер" рубрикасына айрым ата-энелер лицейде ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуларын жана каражаттын сарпталышы боюнча так маалымат берилбей жатканын айтып кайрылган. Кийинчерек алар фондго чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Кийин аталган лицейди прокуратура, Финансы полициясы текшерип, директор Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилген.