Жаңылыктар
Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган форум өтүүдө
Экономика
Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган форум өтүүдө

Бүгүн Бишкекте “Кыргызстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгү: чакырыктар, келечеги жана негизги багыттары” деген аталыштагы 3-эксперттик аналитикалык диалог форуму өтүп жатат. Иш-чараны Кыргызстандын улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту Кытай эл аралык изилдөө академиясынын Евразия институту менен биргеликте уюштурду. 

Форумдун ишине жергиликтүү талдоочулар, илимий коомчулук, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси катышууда. Иш-чаранын катышуучулары эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы шартта тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашып, “Бир алкак - бир жол” демилгесинин алкагында эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн сунуштарын беришүүдө.

“Кызматташууга мүмкүнчүлүктөр көп. Бир алкак бир жолдун алкагында 5 багыт бар. Алар саясий кызматташуу, экономикалык, билим берүү, маданий жана тарыхый байланыштарды изилдөө. Бул боюнча эки тарап тең өздөрү каалагандай ийгилик жаратышса болот”,- деп билдирди Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун эксперти Шерадил Бактыгулов.