Жаңылыктар
Ошто көмүскө иштеп жаткан кумаркана аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто көмүскө иштеп жаткан кумаркана аныкталды

Мыйзамсыз аракеттин бетин ачууга Ош облусунун тургуну жардам берген. Айтымында, анын уулу "Делюкс" мейманканасынын капталындагы жайга ири суммадагы акчасын тарттырып жиберген. Жергиликтүү калк мында көптөн бери эле кумаркана иштеп жатканын билдиришсе, шаардык милиция аталган жайга карата буга чейин 3 кылмыш ишин козгогонун айтат.


Демейде унаа жолдон обочороок жайгашып, анча байкала бербеген Делюкс мейманканасы азыр коомчулуктун көңүл чордонунда. Ош шаарынын тургуну Кыялбек Чомоновдун ырасташынча, мындагы кумаркананын иштеп жатканына 5 жыл болгон. Ал, дал ушул аймакта жашап, иштейт.

Тилекке каршы, мыйзамсыз бул аракет 13-майдын таңында гана коомчулукка ачыкталып отурат. 3 күндөн бери дайынсыз кеткен уулун, Ноокат районунун тургуну Рахман Алиев дал ушул жайдан тапкан. Айтымында, уулу көп убакыттан бери тапканын ушул жайга уттуруп жүргөн. 

“Өзүн гана эмес, жакындарынын баарын ири суммадагы карызга кириптер кылды”,- деген тургун, аталган жайдын ишмердүүлүгүн иликтөө өтүнүчү менен жергиликтүү журналисттерге кайрылган. 

Көрсө, аталган жайдын көмүскө кумаркана иштетип жатканы бүгүн гана ачыкталбаптыр. Ош шаардык милициясы буга чейин, аталган жайга тийиштүү 3 кылмыш ишин козгогон. Бирөөнүн жыйынтыгы чыга элек, экөө артка кайтарылган. Козголгон кылмыш иштердин сотко жетпей жатышына - экспертизанын аталган жайды “кумар ойноочу жай эмес”,- деген мазмундагы корутундусу негиз болгон.

Ноокат районунун тургуну Ош шаардык милициясына, уулу тарттырып жиберген каражатты кайтарып берүү арызы менен кайрылды. Болуп өткөн окуя Жазык кодексинин 212-беренесинин талаптарына ылайык Ош ШИИБдин кылмыштарды жана жоруктарды каттоо бирдиктүү реестрине катталды. Бул сыяктуу, көмүскө кумарканаларды уюштурууга шектүү катары Ош шаарынын аймагында өткөн жыл ичинде 8 жай аныкталган.