Жаңылыктар
КР - КЭР: кызматташтыктын келечеги
Кыргызстан жаңылыктары
КР - КЭР: кызматташтыктын келечеги

Бишкекте "Кыргызстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгү: чакырыктар, келечеги жана негизги багыттары" деген аталыштагы 3чү эксперттик аналитикалык диалог форуму өттү. Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга жасалуучу мамлекеттик сапарынын алдында уюштурулду. Анда эки мамлекеттин талдоочулары, окумуштуулары эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу кызматташтыгы биздин өлкө эгемендик алгандан бери кадам сайын алдыга жылып, бүгүнкү күндө бардык тармак боюнча мамиле жогору деңгээлде өнүгүүдө. 2013-жылы эки өлкө ортосунда стратегиялык өнөктөштүк мамилеси түзүлгөн. 2018-жылы Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары мамилелерди эң жогорку деңгээлге чыгарып, эки тараптуу кызматташуунун жаңы барагы ачылган. 

Жакында эле мамлекет башчынын Пекинге болгон жумуш визитинде Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу, "Бир алкак - бир жол" экономикалык эл аралык форумуна катышуусу мамилелерди дагы да тереңдетти. "Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана досу болгон жана болуп кала берет. Биз “Бир алкак – бир жолдун” алкагында мындан ары да кызматташтыктын дараметин ача берүүгө даярбыз", - деп ишендирген анда КЭР Төрагасы. 


Ал жолугушууда кыргыз президенти кытай лидерин ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырган. Жана ал чакырууну Си Цзиньпин канааттануу менен кабыл алганын айткан. Бүгүнкү күндө эки өлко ортосунда экономикалык байланыштар динамикалуу өнүгүүдө. Кыргызстандын тышкы соода алакасында жана сырттан инвестиция тартууда Кытай биринчи орунда турат. 

Кыргызстан менен Кытайдын учурдагы, келечектеги мамилелери тууралуу пикир алмашкан аянтчага эксперттер, талдоочулар, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүнчү ирет чогулушту. Бул жолку жыйын Кытай лидери Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарынын алдында өттү.

Кыргызстан менен Кытай миңдеген жылдык тарыхый байланышка ээ. Анын бир далили Улуу Жибек жолу. “Бир алкак - бир жол” демилгесинин алкагында кызматташуунун жаңы доору башталганы турат. Демек, кызматташуунун механизмдери дагы деңгээлин өзгөртүүсү кажет. Талдоочулардын пикиринде, “бир алкак - бир жол” долбоору жол куруу, инфраструктура түзүү менен гана чектелбейт. 

Форумдун уюштуруучулары Кыргызстандын улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту менен Кытай эл аралык изилдөө академиясынын Евразия институту. Белгилей кетсек, “Кыргызстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгү: чакырыктар, келечеги жана негизги багыттары” деген биринчи форум эки өлкөнүн дипломатиялык алакаларынын түптөлгөнүнүн 25 жылдыгына арналып өткөн. 

Экинчи форум былтыр май айында кыргыз Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алдында уюшулган. Иш-чара эки мамлекеттин көп тармактуу кызматташуусундагы маселелер боюнча пикир алмашууга мыкты жай болуп калганын белгилешүүдө.