Жаңылыктар
Нарын облусунун калктуу конуштарына жаңы көмөк чордондор орнотулууда
Аймак
Нарын облусунун калктуу конуштарына жаңы көмөк чордондор орнотулууда

Быйыл Нарын облусунун аймагындагы бир нече калктуу конуштарга 23 жаңы көмөк чордону орнотулат. Мындан сырткары, электр энергиясынын кубатуулугу жетпей жаткан 11 көмөк чордону алмаштырылат. Кошумча 35 чакырым электр зымдарын тартуу белгиленүүдө. Энергетиктер тарабынан электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштери айылдардагы жаңы конуштарда дагы жүргүзүлүүдө. Жалпы Нарын облусу боюнча бүгүнкү күндө 88 жаңы конуш бар. Алардын бешөө былтыр “Чыгышэлектр” ишканасынын эсебинен электр энергиясы менен толук камсыз болушту.

"Биз быйыл жалпы беш айылга жаңы көмөк чордондорун орнотууну белгилеп жатабыз. Бул Шоро, Дөбөлү, Миң-Булак жана Учкун аылдары. Себеби жаңы конуштар көбөйүп, аны менен катар элдин саны дагы өсүп жатат. Бирок бул иштерди негизи айыл өкмөтү тарабынан жасалып бюджетинен караат бөлүнүшү керек болчу",- деди Нарын райондук электр тармактары ишканасынын башчысы Токтонаалы Баяманов. 

"Быйыл биз Нарын шаарындагы эки жаңы конушту электр энергиясы менен камсыз кылалы деп жатабыз. Буга ылайык 0,4 жана 10 кв электр линияларын тарталы деп турабыз. Бул чөлкөмдөр Нарын шаарындагы Московский жана Ак-Коргондо жайгашкан. Мындан сырткары, мурда кубаттуулугу жетпей жаткан үч көмөк чордонун алмаштыруу каралууда",- деп билдирди Нарын шаардык электр тармактары ишканасынын башчысы Турсунбек Алымбаев.