Жаңылыктар
Эс алуудагы жөө күлүк генерал 42 километр аралыкты багындырды
Спорт
Эс алуудагы жөө күлүк генерал 42 километр аралыкты багындырды

Ысык-Көл облусунда өткөн "Run the Silk road" Эл аралык марафонго милициянын эс алуудагы генерал-майору Кемелбек Киязов дагы катышты. Генерал 2017-жылы өзүнүн курагындагылар категориясында 10 километр аралыкты, 2018-жылы 21 килиметр аралыкты чуркап өтүп жеңишке жеткен. Ушул жылы 42 километр 192 метр толук марафондук аралыкта жарышка катыша алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Ал аралыкты толук чуркап өтүп, өзүнүн курагындагылар арасында биринчиликти багындырды. Генерал-майор өзү эсептегендей, жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Узун аралыкты жеңген адам кыргыз милициясынын өкүлү экендиги жана ушундай наамдагы, ардактуу курактагы адам экендигин билгендер таң калышкан. 

“Бул чуркоом менен мен милициянын авторитетин көтөргүм келди”,- деп билдирди генерал-майору Кемелбек Киязов.

Кемелбек Абдыкадырович келечекте башка өлкөлөрдө өткөн марафондук жарыштарга катышууну пландап жатат.