Жаңылыктар
Кара-Сууда турак үйлөрдө өрт чыкты
Кырсык
Кара-Сууда турак үйлөрдө өрт чыкты

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Турмуш айылында төрт турак жайда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кече кечинде өрт кырсыгы өрт кызматкерлери тарабынан чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлдү. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, куткаруу иштеринин жүрүшүндө өрткө каршы кызматынын бир кызматкери куткаруучу тепкичтен кулап кеткен. Учурд өрт кырсыгынын себептери такталууда.