Жаңылыктар
Бүгүн Балыкчы шаарынын мэри шайланат
Саясат
Бүгүн Балыкчы шаарынын мэри шайланат

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн калаа мэрин шайлап жатат. Боршайкомдон маалымгандай, шаар башчылыгына эки талапкер катталган. 

Тагыраагы «Кыргызстан» фракциясы 40 жаштагы Мирбек Шакировдун, «Замандаш» фракциясы 26 жаштагы Марат Кудайбергеновдун талапкерлигин көрсөткөн. 

Эске салсак, Балыкчынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.