Жаңылыктар
Чаек айыл аймагында жайгашкан Беш-Терек айылында сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Чаек айыл аймагында жайгашкан Беш-Терек айылында сел жүрдү

Жумгал районунун Чаек айыл аймагында жайгашкан Беш-Терек айылында сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 12-майда болжол менен саат 15:30да катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Анын кесепетинен 7 айылдын бир нече турак жайынын бакчасын суу каптаган, бирок үйлөргө зыян келтирилген эмес.

 Жерине ӨКМдин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, айыл аймактан атайын 1 техника тартылган. Натыйжада, 50 метр арык жана 20 метр ички чарбалык жол тазаланып, иш-чаралар толугу менен аяктады. Жалпысынан 120 метр арык жана 20 метр ички чарбалык жол тазаланган.