Жаңылыктар
А.Атамбаев С.Жээнбековду кабыл алды
Саясат
А.Атамбаев С.Жээнбековду кабыл алды

Мамлекет башчы бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Жолугушууда премьер-министр Мамлекет башчысына Өкмөттүн программасынын негизги багыттары жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы иш чаралар тууралу маалымат берди. 

Алмазбек Атамбаев аткаруу бийлик органдарынын борбордо жана жер-жерлерде бир калыпта ишин камсыздоонун, антикризистик чараларды жүргүзүүнүн, жазгы талаа иштерин өз маалында ойдогудай бүткөрүшү үчүн фермерлер менен айыл эмгекчилерине зарыл шарттарды түзүүнүн маанисин белгиледи. 

Ошондой эле мамлекет башчысы жол курулуш чөйрөсүндөгү ири долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу иштерин жакшыртууга көңүл бурду.