Жаңылыктар
"Инфоком" директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды
Коррупция
"Инфоком" директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды

"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды. Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту билдиргендей, Талант Абдуллаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен мамлекеттик айыптоочу кайрылган. Себеби ал тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. 

Эске салсак, Е-паспорттор үчүн бланк сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 миллион 377 миң сомго зыян келтирилген. Буга айыпталып Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Инфоком" ишканасынын жетекчилери камакка алынган.