Жаңылыктар
Кыргыз кызынын кыйырдагы жеңиши
Спорт
Кыргыз кызынын кыйырдагы жеңиши

Кыргызстандык гимнаст кыз Эдель Касенова Америка кошмо штаттарында өтө турган чемпионатка жолдомо утуп алды. Аймактык чемпионат 4-5-май күндөрү Джорджия штатынын Атланта шаарында өтүп, ага алты штаттан барган спортчу кыздар катышкан. 

Кыргызстандык Эдель Касенова мыкты делген 10 спортчунуну катарына кирип, "Junior Olympic Team USA" чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Белгилей кетсек, чемпионат быйылкы жылдын жай айларында АКШнын Нью-Йорк шаарындагы олимпиадалык даярдык борборунда өткөрүлөт.