Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Кудайбергенов шайланды. Кудайбергеновго шаардык кеңештеги 31 депутаттын 22си "макул" деген добуш берген. Экинчи талапкер Мирбек Шакиров тогуз добуш алды. Бул тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Марат Кудайбергенов 26 жашта, “Замандаш” фракциясынын мүчөсү. Буга чейин “Алыш Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомун жетектеген. Андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жардамчысы, 2019-жылдан баштап президенттин №2 мамлекеттик резиденциясынын маркетинг кызматынын башчысы болуп иштеген.
Шаардын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.