Жаңылыктар
Кыргызстандык 6 жашар Айжан Монголиядан күмүш медаль утуп келди
Спорт
Кыргызстандык 6 жашар Айжан Монголиядан күмүш медаль утуп келди

Алты жашар мекендешибиз, шахматчы Айжан Съездбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда күмүш медалдын ээси болду. Айжан шахматтын классикалык түрүнөн алты жашка чейинки кыздар арасында тогуз оюнда алты упай топтогон.

Алтын жана коло байгелерди Монголиянын өкүлдөрү алган. Бул мелдеште рапид жана блиц түрлөрү боюнча оюндарда Айжан Съездбекова төртүнчү жана 11-орунду ээлеген. 

Шахмат боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна Азиянын 19 өлкөсүнөн алты жаштан 18 жашка чейинки спортчулар катышууда. 6-апрелде башталган оюндар бүгүн, 14-апрелде аяктайт. Кыргызстандан бул мелдешке өз жаш курактарында чемпион болгон 14 шахматчы аттанган.