Жаңылыктар
Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Кудайбергенов шайланды
Саясат
Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Кудайбергенов шайланды

Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Кудайбергенов шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаары жана Тоң району боюнча атайын өкүлү Бактыбек Өмуралиев “Биринчи радиого” билдирди.  Анын белгилешинче, шайлоо тынч  өттү. 

Марат Кудайбергенов – 1993-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн. 

Эске салсак, бүгүн  14-майда Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары шаар башчылыгына 2 талапкерге добуш беришти. Марат Кудайбергеновду “Замандаш” депутаттык фракциясы сунуштаса, “Кыргызстан” фракциясы Мирбек Шакировду көрсөткөн.   

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"