Жаңылыктар
Сапатсыз фонтандын курулушуна шаардыктар нааразы
Аймак
Сапатсыз фонтандын курулушуна шаардыктар нааразы

Курулушу 2018-жылы бүткөрүлүп, жумушчу коммисиядан өтүп, 10 айга жетпей кайра эле четинен кафелдери урап баштаган Жалал-Абад шаарындагы сапатсыз фонтандын курулушу шаар тургундарын нааразы кылууда. Алардын айтымында, миллиондогон акча жумшалган курулуш убагында көзөмөлгө алынбай, кайдыгерликтин арты кайра эле мамлекеттик казынаган зыян алып келди. Эске салсак, буга чейин биздин каналдын "Элдик репортер" берүүсүнө Жалал-Абад шаарындагы жогоруда сөз болуп жаткан сейил багы тууралуу видео келип, анда автор эс алуу багы такыр кароосуз калды деп тынчсызданып, тийиштүү тараптарды көңүл бурууга чакырган.

Жалал-Абад шаарындагы "Барпы" сейил багы тууралуу бул видео буга чейин биздин каналдын "Элдик репортер" берүүсүнө келип түшүп, эфир аркылуу көрсөтүлгөн болчу. Анда автор сейил бакта сапатсыз фонтандын курулушу тууралуу баяндап, эс алуу багы такыр эле каралбай калганын, таштандыга толуп кеткенин айткан.
Элди нааразы кылган эс алуу багына барганыбызда, чындыгында абал оор экени көрүндү. Фонтандын кафелдери четинен сыйрылып түшүп, бир жыл мурун гана курулганынан такыр кабар жок. Эс алуу бак такыр эле каралбай калганы көрүнүп турат. Мындагы чөптүн бою адам менен тең болоюн деп калган. Түңкү жарык берүүчү чырактар талкаланган. Ал эми адам отура турган отургучтарга чөп өсүп, акыбалы мына ушуга жетип калган.

Бул жагдайга кайдыгер карабаган жөнөкөй шаар тургуну Тахмина айым, эс алуу багына атайын кароолчу коюп берүү сунушу менен шаардык мэрияга көп эле кайрылганын айтат. 

"Барпы" сейил багындагы сапатсыз курулуш боюнча шаардын Курулуш департаменти арызын сотко берүүгө камынып жатыптыр. Анткени, сейил бакты жумушчу комиссия кабыл алганы менен курулуш компаниянын бир жылга берген кепилдик мөөнөтү бүтө элек. Андыктан, сейил бакты кайра иретке келтирүү боюнча, тендерден уткан “Алтын ырыскы” компаниясына 3 ирет кат жолдонгон. Бирок, жооп боло элек. Ал эми сейил бакты реконструкциялоого 3 миллион 600 миң сом шаардык бюджеттен бөлүнгөн. Аны эки курулуш компаниясы курган. Ал эми убагында курулушка жооптуу болгон компаниянын мурдагы өкүлү Айжамал Конокбаеванын айтымында, курулуш өз нормасында аткарылган. Жада калса буга чейин сапатсыз делген кафелдер алмашылган. Фонтандын четинен урап жатканы, ал жерге жетиштүү деңгээлде көзөмөл болбой жатканында дейт.

Кандай болгон күндө да сейил бак коомдук жай болгондуктан, анын ахвалы элдин кызыкчылыгы үчүн көзөмөлгө алынышы керектигин шаар тургундары айтат. Анткени, калаа ичинде эл сейилдей турган башка жай дээрлик жокко эсе. Ал эми шаардык мэрия "Барпы" сейил багындагы өсүп кеткен чөптөрдү кыркып, иретке келтирүүнү убада кылат.