Жаңылыктар
Ишин жөндөй албаган чиновниктер кызматтан айдалат
Саясат
Ишин жөндөй албаган чиновниктер кызматтан айдалат

Жаңы өкмөт курамы дээрлик өзгөргөн жок. Бирок өз кызматында калган чиновниктердин арасында ишин жөндөй албагандары ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр болуп жаңыдан шайланган Сооронбай Жээнбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирип, жаңы үч министрди сунуштады. Ал арада жергиликтүү серепчилер өкмөт мүчөлөрүнө көрсөтүлүп жаткан ишенимдин жыйынтыгы чукул арада эле байкалып каларын айтышууда.

ТСариев тендер чыры менен отставкага кеткенден кийин Кыргызстанда жаңы өкмөт бекип, анын курамы дээрлик өзгөргөн жок.

 Сооронбай Жээнбеков Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиевди, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиевди, ал эми транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Замирбек Айдаровду сунуштап, жаңы министрлерди тандоого убакыт тар экенин, бирок кийинчерээк өз оюн билдирерин ачыктады. Жогорку Кеңеш  өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамын колдоого алып, жактырды. Бирок эл өкүлдөрү тарабынан өкмөттө радикалдуу реформаларды жүргүзүү сунушу берилди. Бул маселени колдоого алган коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, иштин  жыйынтыгы  уюштуруучулукка  көбүрөк көз каранды болорун эскертет.    

Депутатттар тарабынан айтылган сын-пикирлердин арасында экономикалык блокту тейлеген вице-премьер-министр  Олег Панкратов, бардык экономикалык маселелерди чечкенге ыкчам үлгүрө алабы –деген күмөн саноолор дагы болду. Анткени ал көбүнчө ЕАЭБ маселеси менен алек болууда –дешет депутаттар.

Ал эми Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка социалдык тармактан Мухамметкалый Абылгазиевдин келди. Бул кызматка социалдык тармактын кишиси келгенине оң баасын берген эксперт Игорь Шестаков, маселенин экинчи жагы бар экенин эске салат. Анын пикиринде социалдык фонд болушунча тар чөйрөгө кирет. Ал эми Биринчи вице-премьер-министрлик кызматта, социалдык тармактан сырткары мамлекеттик маселелерди чечүүгө  туура келет:

Эске салсак, буга чейин темирдей тартип киргизген өкмөт башчы керектиги айтылып келген болсо, азыр өтө кылдаттык менен иш алып барган премьер керектиги айтылууда. Кандай болгон күндө дагы бүгүнкү күндө президент да парламент да бир пикирде колдоп премьер-министр шайланды.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”