Жаңылыктар
Семактын "Зенит" командасындагы жетишкендиктери
Спорт
Семактын "Зенит" командасындагы жетишкендиктери

Бир жыл мурун “Зенит” футбол клубунда башкы машыктыруучуну дайындоо иши кызуу жүрүп жаткан. Аталган клубдун президенти Сергей Фурсенко команданын легендасына айланган Дик Адвокатты кайтарып келүүнү кааласа, клубдун күйөрмандары дагы бир легенда Сергей Семакты башкы машыктыруучу кылып дайындоону суранышкан. Дик Адвокаттан айрымаланып Семак күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө футболчу кезинде айланган.Андыктан машыктыруучу катары да команданы ийгиликке алып келээри арсар болчу. Бирок дайындоо иштерине “Газпром нефть” компаниясынын директору жана анын орун басары Александр Дюков менен Алексей Миллер аралашып орусиялык жаш машыктыруучуну, атактуу Роберто Манчининин ордуна алып келет. Арадан бир жыл өтүп дал ошол тажырыйбасы аз деп саналган Сергей Семак “Зенит” клубун Россия Премьер Лигасынын чемпионуна айландырды.