Жаңылыктар
Бишкекте "Музейлер түнү" аттуу масштабдуу маданий акция өтөт
Маданият
Бишкекте "Музейлер түнү" аттуу масштабдуу маданий акция өтөт

17-майда өлкө аймагында «Музейлер түнү» аттуу масштабдуу маданий акция өтөт. Иш-чара Бишкек шаарында алтынчы жолу, республикалык масштабда экинчи жолу уюштурулууда. 

2018-жылы 6 сааттын ичинде музейлерге 35 миңден ашык адам барган. “Музейлер түнү” музей көргөзмөлөрүнө түн ичинде барууга мүмкүн болгон, музейлердин эл аралык күнүнө карата эл аралык долбоор болуп саналат. Биринчи жолу мындай иш-чара 1997-жылы Берлинде өткөн. 2001-жылы бул долбоорго Европанын жана Американын 39 мамлекети катышкан, 2005-жылы «Музейлер жазы» болуп, «Музейлер түнү» алмашкан.

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"