Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыгып, прокуратурага өткөрүлүп берилди. Буга чейин Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрелде Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча, жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде айып коюлганын айткан.
Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Башкы прокурордун сөзүнө караганда, музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 миллион сом зыян тарткан.