Өлкөдөгү сүттү кайра иштеткен заводдор фермерлерден сүттүн литрин 25 сомго чейин сатып алууда. Заводдун жетекчилиги быйыл фермерлерден алынган сүттүн баасы кескин төмөндөбөйт - деп ишендирүүдө.
Белгилей кетсек, апрель айында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы сүт заводдордун бирине барып, мүмкүнчүлүккө жараша сырьёну жогору баада сатып алуу боюнча сунуш берген.